27
Июль
2020
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ысык-Көл облусуна иш сапарынын жүрүшүндө кечээ сел каптаган аймакта өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министирлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилип, анын ичинде авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө аяктоо милдеттендирилди.