03

Май

2020

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлек районунда жүргөн селдин кесепетинен зыянга учураган объекттерди көрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусундагы иш сапарында Исфана шаарындагы,  Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектти кыдырды.

Ал ошондой эле селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 миллион сомду түзөт.

Вице-премьер-министр жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүнүн алкагында алдын алуу иш-чараларын көрүү боюнча катар тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү милдеттендирди.