15

Август

2020

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдарынын кеңешмелерине катышты. Иш-чараларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери катышты.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир нече шайлоо учстокторун кыдырып чыгып, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешти. 

Акрам Мадумаров алдыдагы шайлоо процессине сапаттуу даярдык көрүү ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

«Ачык-айкын шайлоо процессин камсыздоо зарыл. Даярдык көрүү мезгилинде бардык шайлоо участкалары, анын ичинде алыскы райондордо жайгашкан участоктор тийиштүү материалдык-техникалык база жана интернет менен камсыздалышы керек. Коронавирус пандемиясы шартында шайлоо участокторунда санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керек», - деди вице-премьер-министр. 

Штаб кеңешмелеринин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.