06
Сентябрь
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты.
Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды.
Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.
Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.