28
Апрель
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жалал-Абад облусунун ыкчам штабынын жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунун ыкчам штабынын жыйынына катышты. Жыйында облустагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык-карантик посттордун иши, жазгы талаачылык жумуштардын жүрүшү талкууланды.
«Өнөр жай ишканаларынын мындан аркы иши, чакан жана орто ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүнүн этап-этап менен жандандыруу жана аларды колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан тышкары калкка даректүү социалдык жана гуманитардык жардамдар боюнча ишти улантуу зарыл», - деди Акрам Мадумаров.
Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык блокпосттордун санын кыскартуу маселеси каралды.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин жана Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын чечимдерин аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.