29
Июнь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусу 1 млрд 230 млн сомго 281 долбоорду ишке ашырууну пландоодо
«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусу 1 млрд 230 млн сомго 281 долбоорду ишке ашырууну пландоодо», - бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 28-июнда, Нарын шаарындагы VI Эл аралык инвестициялык форумга катышуунун алкагында айтты.
«Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана аймактын экономикасына инвестицияларды тартуу максаттарында өткөрүлүп жаткан бул форум зор мааниге ээ. Анткени аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана бир катар социалдык долбоорлорду киргизүүгө жардам көрсөтүүдө. Форумга бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин, өлкөнүн башка облустарынын, бизнес коомчулуктарынын, туристтик компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу кубандырат. Бул дагы бир ирет иш-чаранын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деди Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттин пленардык жыйынында мамлекетти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөттү.
«Бул багыттарды тандоо менен биз транспаренттүүлүк жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген мамлекеттик аппараттын ишин түзүүгө жана уюштурууга умтулабыз. Ошентип заманбап инновациялык ыкмаларды колдонуу менен санариптик маалыматтык-коммуникациялар технологияларын киргизүү биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө маанилүү таасир берет», - деди Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жер-жерлерде калктын жашоо шарттарын жакшыртуу - башкы милдет, ишкерлердин жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулат.
«Жыл сайын өлкөнүн аймактарында 10дон кем эмес жаңы ишканалар ачылат. Жыл башынан бери облуста 24 ишкана ачылып, 118 жумуш орду түзүлгөн. Биз бул жетишкендиктер менен токтоп калбайбыз. Белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу мындан ары өнүктүрүү потенциалы зор Нарын облусун өнүктүрүүдөгү маанилүү баскыч болуп саналат», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 119260,119261,119262,119263" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]