25

Май

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүн куттуктады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясындагы Акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө бардык бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга бардык пландарынын жана баштоолорунун ишке ашырылышын каалады.

«Бүгүн силер үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Бул чындап эсте калуучу жана жаркын майрам. Окууну аяктоо силердин жашоодогу жетишкендиктериңердин бири гана. Мектеп менен кош айтышып жатып, өз өмүрүңөрдө маанилүү кадам жасайсыңар. Ошондуктан күчтүү болуп, өзүңөргө ишенгиле, кыйынчылыктарга баш ийбей, кыялдангандан коркпогула, өз талантыңарды жигердүү көрсөткүлө. Силердин тырышчаактыгыңардан, максаттуулугуңардан биздин келечегибиз, өлкөнүн келечеги көз каранды», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

«Кээ бириңер жергиликтүү жогорку окуу жайларда окууну улантасыңар, айрымдарыңар чет жакта окуйсуңар. Бирок силер алган билимиңерди жана жөндөмүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдаланасыңар деп ишенем», - деп баса көрсөттү ал жана бүтүрүүчүлөргө туура жол тандоого тилектештигин билдирди.

«Быйыл республика боюнча мектепти 60 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктап жатат. Мен ар бири өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат деп ишенем. Силердин мектепте Мар Байжиев, Гүлсара Ажибекова, Чыңгыз Айдарбеков сыяктуу көрүнүктүү инсандар окуган, алар учурда Кыргыз Республикасына эмгек сиңирип келе жатышат. Белгилүү дарыгер Мирсаид Миррахимов республиканын саламаттык сактоо кадрларын даярдоого зор салымын кошуп, 100 ашуун доктор жана илимдин кандидаттарын даярдаган», - деп жыйынтыктады ал.

Салтанаттуу иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышышты. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Акыркы коңгуроо кагылып, бардык катышууучулар жана меймандар үчүн майрамдык концерт тартууланды.

[su_carousel source="media: 133407,133403,133404,133405,133406,133408" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү