06
Июнь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн жүрүшү менен таанышты
Бул иштер эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларга даярдык көрүү боюнча Пландын алкагында аткарылууда.
Музейге баруу учурунда улуу жазуучунун Үй-музейи жайгашкан Маданият үйүн оңдоого бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөнү белгиленди. Учурда жүргүзүлүп жаткан иштер 60% аткарылган, ал эми Маданият үйүнүн ачылышы 2018-жылдын августуна пландаштырылган.
Мындан тышкары 743 окуучуга эсептелген Т.Айтматов атындагы орто мектепти капиталдык оңдоого 5 млн сом бөлүнгөн. Бул объекттеги бардык курулуш иштери окуу жылынын башталышына бүткөрүлөт.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, улуу жазуучунун кыргыз эли үчүн маанилүү ордун эске алуу менен юбилейлик иш-чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү керек.
Маданият үйү жана мектеп менен тааныштырылган соң Алтынай Өмүрбекова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин айрым мүчөлөрү менен биргеликте «Чыңгыз-Ордо» маданий комплекси курулчу Шекер айылына багыт алышты.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү комплекстин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагында жеңишке ээ болгон долбоорду талкуулашып, Талас шаарынын борбордук аянтында жакында ачылышы пландаштырылып жаткан Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин абалы менен таанышты.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жергиликтүү бийлик органдарына эстеликке тийиштүү аймакты ыкчам түрдө көрктөндүрүү тапшырмасын берди.
[su_carousel source="media: 118053,118054,118055,118056,118057,118059" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү