24

Май

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздандыруу «Бирдиктүү терезесинин» ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана  медициналык техника менен камсыздандыруу департаменти «Бирдиктүү терезесинин» ачылышына катышты.

«Бирдиктүү терезенин ачылышы өлкөнү санариптик трансформациялоонун курамдык бөлүгү болгон электрондук саламаттык сактоо программасын ишке ашыруунун алкагында зор мааниге ээ. Электрондук саламаттык сактоо программасынын негизги идеясы бардык саламаттык сактоо уюмдарын бирдиктүү тутумга бириктирүү. Анын максаты – жарандарыбызга сапаттуу жана өз убагында медициналык кызмат көрсөтүү, калкты коопсуз, натыйжалуу жана жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыздоо» - деди ал.

«Маалыматтардын электрондук базасын ишке ашыруу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатында ачыктыкты камсыздайт. Бул кайрылуулардын бардык баскычында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын улуттук рыногун көзөмөлдөөнү жакшыртат. Бардык иштер өлкөдө коррупцияга каршы механизмдерди иштетүүгө, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, дары-дармек аткезчилигин жоюуга, импорттук дарылардын баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөөгө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр жакынкы мезгилде жарандарыбыз дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жаатында аткарылган иштердин реалдуу жыйынтыктарын көрөрүнө ишеним билдирди. «Бирдиктүү терезе» тутумун киргизүү ишкерлер үчүн уруксат кагаздарын алуу механизмдерин ачык, жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылат.

Маалымдама: «Бирдиктүү терезе» тутумун киргизүү көзөмөлдөөчү органдын (Департамент) ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына жетишүү куралы жана ал төмөнкү ыкмалар аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн болушуна каршы күрөшүүнү шарттайт:

- кайрылуу ээсинин жана аткаминердин түздөн-түз байланыштарын, ошондой эле жеке макулдашууларды жоюу;

- электрондук табыштама жана жыйынтыктарды электрондук түрдө алуу убакытты үнөмдөйт.

Белгилей кетсек, бирдиктүү маалыматтык тутумдун ачылышы менен көзөмөлдөөчү орган (Департамент) жана бизнес-коомчулуктун өз ара алакалары баскычтуу түрдө электрондук форматка өткөрүлөт.

«Бирдиктүү терезе» тутуму маанилүү болгондуктан Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана  медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинде имараттын бир тарабы оңдолуп, тутум ал жакка жайгаштырылып, заманбап техника менен камсыздалган, кызматкерлердин коопсуздугу жана көз карандысыздыгы үчүн каражаттары каралган, келгендер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

[su_carousel source="media: 133287,133288,133289,133290" limit="23" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү