13

Октябрь

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дене сөөктөрүнүн сейрек оорусунан жабыркаган Алимбай кызы Гүлмайрамдан кабар алды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып жана сейрек оору - сөөктөрдүн жогорку морттугунан жабыркаган Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Анын жолдошу Максат Исхаков дагы экинчи топтогу майып болуп саналат. Алимбай кызы Гүлмайрамдын айтымында, дарыгерлер аларга балалуу болбоону сунушташкан, себеби мындай сейрек оору ымыркайдын саламаттыгына да таасир бериши мүмкүн эле. Бардык кооптонууларга карабастан, Гүлмайрам менен Максат жакында жаш ата-эне болушту. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аларды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан салам айтты. Алтынай Өмүрбекова өзгөчө белгилегендей, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ал өлкө Өкмөтү бул багыттагы ишмердигин улантаарына ишендирип кетти. Алимбай кызы Гүлмайрам кызынын үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтуу менен вице-премьер-министр аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам көрсөттү. Мындан тышкары Бишкек шаардык Ленин районунун мамлекеттик администрациясына социалдык жөлөк пулдарды өз убагында төлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле эне жана баланы тийиштүү медициналык камсыздоодо жардам көрсөтүү тапшырылды. [su_carousel source="media: 124344,124345" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү