15
Март
2019
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эстониянын Президенти Керсти Кальюлайд менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын алкагында Эстония Республикасынын Президенти Керсти Кальюлайд менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерге жогорку баа берип, Эстониянын Президенти Керсти Кальюлайдды 2019-жылдын 3-мартындагы парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Алтынай Өмүрбекова эстон тараптын Кыргыз Республикасына электрондук өкмөттү киргизүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз тарабынан Эстониянын Президенти Керсти Кальюлайд кыргыз тарапка 2020-2021-жылдарга БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Эстониянын талапкерлигин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз кезегинде Кыргыз Республикасы 2019-2023-жылдарга карата ЮНЕСКО Аткаруучу кеңешине талапкерлигин көрсөтүп жатканы жөнүндө маалымдап, Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.
Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыз тарапты Эстониянын медициналык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу, анын ичинде электрондук саламаттык сактоону киргизүү боюнча тажрыйбасы кызыктырат жана ал Кыргыз Республикасында аларды киргизүү боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
Тараптар ошондой эле мындан ары карай эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкгындагы кызматташуу келечегин талкуулашты.
[su_carousel source="media: 130314" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү