18

Август

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова  бүгүн, 17-августта, «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» (JDS) долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту.

Өз куттуктоо сөзүндө Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт кадрларды даярдоого жана ар бир жарандын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда.

«Биздин өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери экономикалык өнүгүүнүн негизги талаптары тартип жана билим эсептелген Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүндүгүн алышты. Мен биздин стипендиаттар мамлекетибиздин келечегине салым кошууга пайдаланылчу жаңы илим-билимге ээ болуп кайтат деген ишеничтемин», - деди Алтынай Өмүрбекова жана Япония Өкмөтүнө адистерди даярдоо жаатындагы колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура белгилегендей, JDS долбооруна чоң көңүл бурулат.

«Ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнүнү негизи катары билим эсептелет. Сапаттуу билим алууга жана илим-билимин өркүндөтүүгө умтулган жарандар менен өлкөнүн келечегинин пайдубалын бекемдөөгө болот. Негизги артыкчылык – билим жана тажрыйба топтоо», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө стипендиаттар Японияда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн Өкмөткө ыраазычылыгын билдиришти.

[su_carousel source="media: 121422,121423,121424,121425,121426" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүм