16
Январь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Өкмөт жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдар жана коомдук кеңештер ырааттуу жана натыйжалуу иш алып баруусу жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катары жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртуу максатында биргелешкен натыйжалуу чечимдерге келүүсү үчүн жарандык коом институттарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат», – деп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Саясатты жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруудагы Коомдук кеңештердин жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү: күтүүлөр жана келечеги» аттуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында билдирди.
Вице-премьер-министр белгилегендей, коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын ишине көмөк көрсөтүп, актуалдуу көйгөйлөрдү, анын ичинде коррупция маселесин чечүүгө жардамын берип, мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү болуп калды.
«Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо, алардын ишинин айкындыгын жана натыйжалуугун камсыздоо жаатында өз ордун тапты. Өз кезегинде Өкмөт да бардык мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу үчүн чыгууда. Акыркы жылдардын практикасы коомдук кеңештер тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн актуалдуулугун көрсөтүүдө. Маанилүү жана керектүү жарандык демилгелерди талкуулоо жана алга жылдыруу боюнча башталган ишти улантуу зарыл. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү жана көмөкчүсү болуп калуусу тийиш», - деди Алтынай Омурбекова.
Ал ошондой эле коомдук кеңештерди түзүүнүн учурдагы тажрыйбасын түзүүнү ар тараптуу талдоо жүргүзүүнүн, алардын милдеттерин жана укуктарын, ошондой эле иштөө механизмдерин баалоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
«Коомдук кеңештер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомдук кеңештердин ишине активдүү жана компетенттүү жарандарды кеңири тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ырааттуу ишти жүргүзүүсү тийиш. Аларды аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларга жана чечим долбоорлоруна коомдук экспертизалоону өткөрүү боюнча ишке кошуу керек. Бул саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, социалдык колдоо көрсөтүү жана коомдук турмуштун башка тармактарындагы көйгөйлүү маселелер боюнча коомдук пикирди иликтөө жана жалпылоо үчүн зарыл», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошону менен бирге Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн инвестициялывк жагымдуулугун жакшыртуу, жаңы кодекстер жана мыйзамдар, ошондой эле балдарга зомбулук көрсөтүү ж.б. бир катар актуалдуу маселелерге токтолду.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр дагы бир жолу белгилегендей, өнүккөн, демократиялуу өлкөнү курууда жарандык коом өзгөчө роль ойнойт.
Иш-чарага Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
[su_carousel source="media: 127954,127955,127956,127957,127958,127959,127960,127961" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү