30
Январь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.
Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө аймакты 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымат берилди.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигиндеги негизги багыттарга токтолду. Анын айтымында, аткаруу органдарынын ишмердигиндеги башкы артыкчылык катары - райондордун жана айылдардын инфраструктурасын жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу аркылуу аймактарды өнүктүрүү болуп саналат.
Буга байланыштуу Алтынай Өмүрбекова өзгөчө белгилегендей, социалдык тармакты жакшыртуу айрыкча маанилүү жана ал аймак жетекчилигинин көңүлүн билим берүү, саламаттык сактоо, ошондой эле жөлөкпулдарды төлөө тутумунун сапатын арттырууга бурдурду.
«2018-жылы Өкмөт бала төрөлгөндө берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун киргизген. Ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн ата-энелерге акы төлөө киргизилди. Тилекке каршы, бул демилгелер жер-жерлерде ашкере бюрократияга туш болуп жатат, бул жергиликтүү жашоочулар үчүн көйгөйлөрдү жаратууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык звенолорунун жана социалдык коргоо органдарынын жетекчилери мындай фактыларга жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерди көрүүгө тийиш», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.
Ал ошондой эле белгилегендей, акыркы убакта балдарга карата катаал мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү фактылары көбөйүүдө, буга байланыштуу Өкмөт тарабынан балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдарды түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Алтынай Өмүрбекова эскерткендей, бул иш үчүн шаар мэрлери жана райондордун акимдери жеке жооптуу болуп саналышат.
Мындан тышкары, вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, аймактарды өнүктүрүү максатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун 81% каражаты облустарда жайгашкан ишканаларды каржылоого багытталган.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, аймактын айыл чарба потенциалын жана анын түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө шарт түзгөн климаттык өзгөчөлүктөрүн пайдалануу зарыл.
«Баткен облусу өлкөнүн алдынкы агрардык аймактарынын бири болуп саналат. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциялын өстүрүү зарыл», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө айрыкча көңүл бурулат жана буга байланыштуу ал облус жетекчилерин бул багытта тутумдуу иштөөгө чакырды.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү