16

Февраль

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карай артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө маданият жана искусство ишмерлеринин эмгегине жараша элибиздин бай жана кайталангыс маданияты өнүгүп, калк арасына кеңири жайылтылып жаткандыгын баса белгиледи.

«Акыркы мезгилдерде республика ичинде гана эмес, андан тышкаркы аймактардагы ар кыл фестивалдарда жана сынактарда өзүн татыктуу көрсөтө алган театр, кино жана музыка тармагындагы көптөгөн таланттуу артисттер пайда болууда. Алардын ийгилиги өлкөбүздүн жогорку мүмкүндүктөрү бар экендигинен кабар берет», - деп белгиледи ал.

Коллегиянын жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык максаттары калкты маданий жетишкендиктер менен кеңири камтуу иретинде маданият тармагынын модернизацияланышын талап кылууда.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, башкы тармактык документти – Маданият тармагын 2020-жылга дейре өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу жыйынтыкталууда жана бул документтин маданият жөнүндөгү бөлүктөрүндө тармактын актуалдуу маселелерин – инфраструктураны өнүктүрүүдөн тарта инновацияларды киргизүүгө чейинки маселени чечүүнүн ыкмалары жана механизмдери каралышы тийиш.

Буга катар ал белгилегендей, отчеттук мезгилде натыйжалуу жана токтоосуз чечимдерди талап кылган айрым кемчиликтер кетирилди.

«Алдыда жалпы маданий мейкиндикти өзгөртүү, кыргыз маданиятынын гүлдөп өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү маданий программаларды иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иштер бар. Буга катар Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын капиталдык ремонттон өткөрүү менен анын базасындагы балдар театрынын концепциясын иштеп чыгуу жана балдар жана өспүрүмдөр үчүн театралдык репертуарларды уюштуруу саясатын карап чыгуу зарыл», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, тарыхый-маданий мурас обьектилерин сактоону жакшыртуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу, «Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышын көзөмөлгө алуу менен А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркин өнүктүрүү концепциясын сунуштоо тапшырылды.

[su_carousel source="media: 129472,129473,129474,129475" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү