21
Март
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечеги» тегерек стөлүнүн ишине катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечеги» аттуу тегерек стөлдүн ишине катышты.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке бала бакчалардын өкүлдөрү катышты.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2018-жылы 1ден 6 жашка чейинки балдардын саны 779 491ге жетип, алардын 24 %, же 187 078 бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалып, алар 1390 бала бакчада тарбияланууда.
Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, кабыл алынып жаткан чараларга карабастан, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны жетишсиз, жылына республикалык бюджеттен жаңы имараттарды курууга жана бала-бакчаларды оңдоого каражат бөлүнөт, бирок каражаттын чектелгендигине байланыштуу бардык балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо мүмкүн болбой жатат.
«Бул маселени жоюу үчүн биринчи кезекте наркы 11,3 млрд сом турган 250 орундуу 162 жаңы типтеги балдар бакчасын куруу зарыл», - деди ал.
Вице-премьер-министр маалымдагандай, 2023-жылга дейре Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы аркылуу 80%га чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максаты коюлган жана аталган максатка жетишүүдө бюджеттик гана каражаттар жетишсиз саналат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектепке чейинки мекемелерге карата кезекти жоюуда жана мамлекеттик эмес сектордун колдоосу астында аларды ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү кошумча чаралар иретинде МЖӨ принцибинде бала бакчаларды курууну жана мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында мамлекеттик эмес мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кошумча орундарды түзүүнү, ошондой эле мамлекеттик эмес мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелерден балдарды кароого алынган төлөмдүн бөлүгүн компенсациялоону сунуштайт.
Иш-чаранын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан:
- мамлекеттик социалдык тапшырык аркылуу мектепке чейинки билим берүү тармагындагы социалдык тейлөөнү сатып алуу;
- «Бишкек шаарында мектепке чейинки мекемелердин курулушу» аттуу МЖӨ долбоорлору боюнча бетачарлар тартууланды.
Талкуунун негизги маселелери катары жеке ишкерлерди жана жарандарды мектепке чейинки билим берүү көйгөйүн чечүүгө тартуу, ошондой эле кошумча материалдык жана финансылык ресурстарды тартуу, калкка мектепке чейинки билим берүү тейлөөсүн натыйжалуу сунуштоо үчүн альтернативдүү механизмдерди түзүү каралды.
Тегерек стөлдүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Өкмөттүн аталган демилгелери колдоого алынып, бизнес-түзүмдөр менен калктын мектепке чейинки билим берүү жана окутуу тейлөөсүнө карата муктаждыгын канааттандыруу максатында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздоого мүмкүндүк түзүлөт деген ишенимин билдирди.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү