25

Май

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова миграциялык процесстер маселелерин талкуулоого арналган жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чоң коомдук кеңештин миграциялык процесстерди жөнгө салуудагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулоого арналган 28-жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эмгек мигранттарынын башка өлкөгө чыгуу тутумун уюштуруу маселелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер-жерлерде миграциялык процесстерди жөнгө салуудагы ролу талкууланды.

«Заманбап миграциялык процесстер ички татаал социалдык-экономикалык жана саясий процесстердин натыйжасы болуп саналат. Мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү аларды кабыл алган мамлекеттердин коомчулугунда татыктуу мүчө гана боло албастан, алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салмактуу салым кошууда», - деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөн чыгуу алдында, чет өлкөдө жүргөндө эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзөт.

«Тышкы миграция маселелериндеги биздин артыкчылыктар – чет өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу мигранттарды маалымдоо, эл аралык эмгек рыногунда жумушчу күч маркетингин өнүктүрүү, чет өлкөдө жарандарыбыздын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоону күчөтүү, эмгек мигранттарынын ата-энесинин кароосуз калган балдарынын укуктарын коргоо жана диаспоралар менен байланыштарды чыңдоо болуп саналат. Ошону менен бирге биздин мигранттар жүргөн өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик техникалык билим берүү тутумун өркүндөтүү жана мигранттар барган өлкөлөр тарабынан квалификациялардын таанылышын камсыздоо мааниге ээ. Миграция маселелерин комплекстүү чечүү өлкөдөн жарандардын чыгуу агымын акырындап кыскартат, терс миграциялык сальдо көрсөткүчтөрүн азайтат», - деп белгиледи вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Жолугушуунун катышуучулары заманбап шарттарда эмгек мигранттарын башка өлкөгө чыгуу алдында даярдоо тутумун түзүү зарылдыгын белгилешти. Бул аларга барган өлкөсүндө укуктарын ишке ашырууга жана коргоого жардам берет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдарга миграция маселелерин чечүү боюнча сунуштарды даярдоо чечими кабыл алынды.

Жыйын «Карылар ресурстук борбору» коомдук уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жана «Борбор Азия кыймылда» өнөктөштүк жарандык платформасы менен биргеликте уюштурулган.

Маалымдама: Чоң коомдук кеңеш – бул эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн курч маселелерин талкуулоо аянтчасы.

Кеңештин курамына мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик органдарынын, «Борбор Азия кыймылда» өнөктөштүк жарандык платформасынын, башка эл аралык, анын ичинде өкмөттүк эмес жана диаспоралык уюмдардын, кесиптик кошундардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана жергиликтүү коомдук кеңештердин өкүлдөрү кирет.

 [su_carousel source="media: 133346,133343,133344,133345" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү