06

Февраль

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. 

Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө аймакты 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердигинин негизги багыттарын белгиледи.

«Өткөн жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү оң динамикага чыкты.  Республиканын ИДПсы 2018-жылы 3,5%га өсүп, 557,1 млрд сомду түздү. Ошону менен катар бир катар келечектүү иштер башталды. Алардын ичинде: фискалдаштыруу жана бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү, бизнес-омбудсмен. Отчеттук мезгилде «Кумтөр» кенинен ашыкча киреше алууга жетиштик. «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө өлкө Президентинин Жарлыгынын алкагында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер улантылууда. «Түндүк» электрондук системасына, санариптештирүүгө, «Коопсуз шаар» долбооруна, электрондук фискалдаштырууга, соттук-укуктук реформага жана социалдык чөйрөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түздү, 2019-2023-жылдарга карата туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы бекитилди», - деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Ал эскерткендей, 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 156 социалдык объекттин пайдаланууга берилсе, анын ичинен жер-жерлерде 95 мектеп,  8 бала бакча, 8  саламаттык сактоо мекемеси, 8 спорт комплекс, 5 маданият  мекемелери ишке киргизилди.

Мындан тышкары, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 244 чарбалык объекттер ишке берилип 2941 кошумча жумуш орундары түзүлгөн.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн негизги артыкчылыктарынын бири ичүүчү таза  суу менен камсыздоо болуп саналат.

«Бул багытта Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Нарын облусу боюнча 42 айылга таза суу системасын куруу каралууда», - деп белгиледи ал.

Ошону менен бирге вице-премьер-министр кошумчалагандай, отчеттук мезгилде 397 млн 376 миң сом суммасындагы  275 долбоор ишке ашырылды.

Учурда облустун аймагында улуттук маанидеги ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алып айтсак, быйыл стратегиялык зор мааниси бар Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун курулушу улантылат, Ат-Башы ГЭСинин реконструкциялоосу жүрүүдө, Кара-Кече көмүр кенин натыйжалуу иштетүү боюнча ири инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ирригациялык объекттердин курулуштары ишке ашырылууда: Жумгал районундагы Баш-Кууганды суу сактагычы бүткөрүлүп, жазында ишке берилет.  Облустун аймагында мектептердин жана башка социалдык обьектилердин курулушу жүрүүдө, ошондой эле ар тармактагы 70ке жаңы чакан ишкана  ачылып, 326 жаңы жумушчу орундар түзүлгөн.

Муну менен катар Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, четтетүүнү талап кылган бир катар кемчиликтер бар. Буга мисал катары аймактагы төрт өндүрүш ишканаларынын токтоп тургандыгын айтууга болот. Бул ишканаларга аларды жандандырууга же ишмердигинин тармагын өзгөртүүгө аракеттешүү зарыл. Буга байланыштуу ал преференциалдык калктуу жерлерге Салык кодексине ылайык берилүүчү артыкчылыктарды активдүү пайдаланууну сунуштады. Ал этти кайра иштетүү заводун ачуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча иштөөнү, ар бир айыл өкмөтү үчүн алардын өзгөчөлүктөрүн жана потенциалын эске алуу менен дотациядан чыгаруунун жекече планын иштеп чыгууну сунуш кылды.

Мындан тышкары мал чарбачылыгы тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында фермерлердин квалификциясын жогорулатуу, Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институту менен тыгыз кызматташтыкта жаңы илимий мамилелерди жана технологияларды өнүктүрүү зарыл.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү, альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  түзүү, мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мектепке чейинки  мекемелердин имараттарынын кайтарылып алынышын камсыз кылууну тапшырды.

Билим берүү тутумунда жетишпеген кадрлар, предметтер толукталып, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыкты күчтөндүрүү зарылдыгы да айтылды.

Мындан тышкары, билим берүү мекемелерин курууда, алардын бардык техникалык ченемдерге жооп бериши жана сейсмикалык жактан туруктуу болушу үчүн курулуш иштеринин сапаты көзөмөлдөнүшү тийиш.

Алтынай Өмүбекова белгилегендей, бүгүнкү күндө облус боюнча 121 дарыгердин жетишсиздигине байланыштуу абал кооптонууну жаратууда.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр жаш дарыгерлерди айылдарга тартууну жана аларга тиешелүү шарт түзүп берүү маселеси жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилишин тапшырды. Мында алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүнү жана оорулардын алдын алуу ишин күчтөндүрүү тапшырылды.

Мындан тышкары дагы бир катар тапшырмалар берилип, алардын катарына жөлөкпулдардын, өзгөчө, «балага сүйүнчү» пулдардын өз убактысында төлөнүшүн камсыздоо маселеси аталды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү