13
Февраль
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдагы ведомствонун ишмердигинин жыйынтыгы жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттери боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
Тиешелүү маалымат менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков сүйлөштү.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, саламаттык сактоо тармагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
«Бүгүнкү күнү саламаттык сактоо тармагындагы негизги көрсөткүчтөр турукташты. Онкологиялык оорулууларга жогорку сапаттуу кызматтарды көрсөтүү максатында көп иш жүргүзүлүп жатат. Улуттук онкология жана гематология борборунун бардык бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо аяктады, заманбап санариптик жабдуулар орнотулуп, бейтаптарды дарылоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мунун баары өлүмдөрдүн санынын кыскартууну жана жашоо шарттын жакшыртууну шарттайт деп ишенем», - деп белгиледи ал.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, отчеттук жыл ичинде жетишкендиктер менен катар айрым чечүүнү талап кылган кемчилдиктер дагы орун алды.
«Учурда республиканын аймактарын, анын ичинде алыскы райондорду дарыгерлер менен камсыздоо маселеси курч турат. Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде ооруларды аныктоо жана сапаттуу жардам көрсөтүү боюнча иштердин натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Ошону менен бирге «Ден соолук кербенинин» ишин кеңейтүү, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча конкреттүү планды иштеп чыгуу, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү тартуу керек», - деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара байланыштын жетиштүү деңгээлде эместигине өзгөчө басым койду.
«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Концепциясын активдештирүү, тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо максатында камсыздандыруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу керек. Дарыгерлердин ишин баалоо тутумун иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ, бул медицина кызматкерлеринин эмгек акысын алардын ишинин натыйжасына карата көбөйтүүнү шарттайт», - деп ырастады ал.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, жогоруда аталган иш-чараларды комплекстүү аткаруу, калкка сапаттуу, натыйжалуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү, оорулардын алдын алууну күчтөндүрүү аркылуу саламаттык сактоо тутумунун ар бир кызматкери оорулардын жана өлүмдүн кыскаруусуна өзүнүн зор салымын кошот.
[su_carousel source="media: 129314,129310,129311,129312,129313,129315" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү