07

Май

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуттук оорукандагы кезектер боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 7-майда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук ооруканадагы кезектер боюнча маселени ыкчам тартипте изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. Буга чейин өлкөнүн маалыматтык агенттиктеринде Улуттук ооруканада ү.ж.7 майында таң эртеден баштап чоң кезектер байкалып жатканы тууралуу маалымат тарады.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү