08
Май
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нарын шаарына жумушчу сапарынын алкагында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды.
«Сизди чын жүрөктөн 9-Май – Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Сиз – эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип жатабыз. Сизге эрдигиңиз үчүн тизе бүгүп таазим этебиз», - деди ал.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Тукеш Токтомушевге бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, ага белектерди тапшырды.
Быйыл карыя 96 жашка чыгат. 1942-жылдын апрелинде 17 жаш курагында фронтко чакырылган. 1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн. 1948-жылы Омск шаарында индустриалдык техникумду аяктагандан кийин мекенине кайтып келип, даярдоочу кеңселер тутумунда иштеген. 1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген.
Ардагердин 6 уулу, 2 кызы, 34 небереси, 28 чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар.
[su_carousel source="media: 132653,132652" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү