06

Июль

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Азербайжан элчиси маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 5-июлда, Азербайжан Республикасынын Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, маданият, искусство, туризм жана спорт тармактарында мында аркы тыгыз кызматташуулардын, эки өлкөнүн билим берүү, чыгармачыл жана спорттук бирикмелеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгилешти. «Быйылкы жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Бул мезгилде топтолгон кыргыз-азербайжан алакаларынын тажрыйбасы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун негизи катары кызмат өтөйт», - деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, 2016-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына азербайжан спортчулары активдүү катышышкан. «Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Биз ага Азербайжандын катышуусуна ишенебиз. Мындан тышкары, 2018-жылдын октябрында Ысык-Көлдө кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен түзүлгөн интеллектуалдар форуму өтөт. Буга байланыштуу Азербайжанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө зор маани берилип жатканы кубандырат», - деди ал. Өз кезегинде Элчи Гидаят Оруджев Кыргыз Республикасында алдыда өтө турган иш-чараларга катышууларын ырастап, ошондой эле алардын өлкөсүндө кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө эң жогорку деңгээлде өтөөрүн маалымдады. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин чечими менен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар Баку шаарында Г.Алиев атындагы Борбордо 2018-жылдын экинчи жарымында өтөт.

[su_carousel source="media: 119555,119557,119558" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү