05
Ноябрь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Туризм чөйрөсүн жакшыртуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү зарыл
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду.
Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында туризм динамикалуу түрдө өнүгүүдө, Кыргызтанга келип-кеткен туристтердин саны жылдан-жылга өсүп жатат, салыктык төлөмдөр көбөйүүдө, ошондой эле өлкөнүн ички дүң продукциясында туризмдин үлүшү өсүп жатканын белгиледи. 2019-жылдын алты айында туризмдин ИДПдагы көрсөткүчү 4,3% түзгөн.
Жыйында гид жана экскурсоводдорду даярдоону жүзөгө ашыруу, туристтик жайлардын инфраструктурасын жана аларга баруучу жолдорду жакшыртуу, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, визасыз режим жана бир нече мамлекеттердин жарандары үчүн визаларды берүүнү жеңилдетүү, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында туристтик милицияны киргизүү боюнча маселелер каралды.
Ошондой эле жыйындын катышуучуларына туризмди өнүктүрүү боюнча маркетинг стратегиясынын жетишсиздиги, өлкөгө келген туристтер жөнүндө статистикалык маалыматтардын так эместиги, салыктык жыйымдар боюнча маселелер, тоо боорундагы таштандыларды жыйноо сындуу көйгөйлүү маселелер айтылды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жыйындын катышуучуларына туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн Өкмөт тараптан чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.
«Туризм тармагын алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү максатында Өкмөт тараптан 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы бекитилген. Быйыл Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди – Кыргызстан аба эркиндигинин бешинчи даражасы жөнүндө жарыялады жана «Ачык асман» саясаты кабыл алынды. 2019-жылы кабыл алынган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Мыйзамда өлкөлөрдүн саны көбөйтүлүп, дагы 7 мамлекет кошулду, ошондой эле Мыйзамдын иштөө мөөнөтү 2020-жылдан 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды», – деди Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен чет элдик жарандар –Жакынкы Чыгыштагы өнүккөн араб өлкөлөрүндөгү резиденттери үчүн жеңилдетилген виза режимин алгачкылардан болуп киргизгенин айтты. Мына ушул чаралардын натыйжасында алыскы региондордон келген туристтердин саны көбөйдү. Ошондой эле Өкмөт курамында 5тен 15 кишиге чейин болгон туристтик топтордун/чет элдик жарандардын келүү жол-жобосун жеңилдетти.
«Кыргызстандын туризм тармагы жылдык мезгилдер менен чектелбеш керек, а жыл бою келе тургандай болушу абзел, анткени өлкөнүн табигый жана климаттык шарттары чет элдик жана ички туристтерди жылы бою кабыл алууга мүмкүндүк берет. «Мезгилдүү» деген түшүнүктөн кетүү керек жана туризмди өнүктүрүүгө комплекстүү кадам таштоо зарыл», – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.
Кышкы туризм жана тоо-лыжа базалары тууралуу сөз кылган Алтынай Өмүрбекова республика боюнча 15 тоо-лыжа базасы иштерин, бирок булар Чүй жана Ысык-Көл облустарында гана жайгашканын белгиледи.
«Республиканын аймагынын 90% тоолордон турарын эске алып, өлкөнүн башка региондорунда дагы тоо-лыжа базаларынын курулушун карап чыгуу зарыл. Бул үчүн чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу аркылуу учурдагы тоо-лыжа базалардын ишин жандандыруу талап кылынат. Биздин учурда бул маселени туристтик бизнестин сунуштарын эске алуу менен өзүнчө аянтчада мамлекеттик деңгээлде карап чыгуу абзел», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова эске салгандай, аймактарда туризмди өнүктүрүү боюнча буга чейин көтөрүлгөн бир катар маселелер, көрүлгөн чараларга карабастан, чечилбеген бойдон калууда. Анын айтымында, Өкмөттүн бир нече тапшырмалары алигиче чечилбей турат. Бул каттамдардын кыймыл карталарынын, кесипкөй гиддердин жана куткаруучулардын, атайын көрсөтмөлөрдүн иштелип чыга электиги; жаратылыш парктарына кирме жолдордун жоктугу жана алардын санитардык абалынын начардыгы; кемпинг-борборлордун, эл аралык стандарттарга жооп берген тазалоо имараттарынын жоктугу. Ошондой эле ар бир облуска өзгөчөлүктөрүн жана жайгашкан тарыхый-маданий эстеликтерди эске алып, өз туристтик брендин иштеп чыгуу тапшырылган.
«Бүгүнкү күнү биринчи кезекте туризмди өнүктүрүүгө тоскоол болгон маселелерди чечүү зарыл. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарда туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишинин алсыздыгы, туристтик инфраструктуралардын деңгээлинин төмөндүгү, туристтерди жайгаштыруунун жамааттык жайлуу каражаттарынын жоктугу», - деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова мурдатан козголуп келген тоо чокуларынын булганышы маселесине токтолуп, түбөлүк турган тоңдо таштандылар жатканын белгиледи. Азыркыга чейин тоо беттерин тазалоо боюнча чечкиндүү чаралар көрүлгөн эмес.
«Көптөгөн маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү концепциясын жаңыдан иштеп чыгуу зарыл. Анын негизги багыттары: өнүккөн туристтик инфраструктура, аймактарда туризмди өнүктүрүү, туристтердин экологиясы жана коопсуздугу, руханий, өзүнчө маданиятка жана кыргыз элинин каада-салттарына негизделген туризм ж.б.», - деди ал.
Вице-премьер-министр биздин өлкөгө келген туристтик агым өсүп жана оңдуу динамиканы көрсөтүп жатат деп ишенет. Туристтик тармакты жакшыртуу жана меймандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын жана кызыкдар тараптардын биргелешкен күч-аракети кажет.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү