04

Октябрь

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын өттү

img

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Алтынай Өмүрбекова 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленээрин эске салды. Жеңиш күнүнүн тарыхый маанисин эске алуу менен, бул күн жалпы элдик майрам катары белгиленет деди.

Советтер Союзундагы бир тууган элдердин фронттогу жана тылдагы биримдигинин жана баатырдыгынын негизинде Жеңишке жеттик. Учурда Өкмөт ардагерлердин жана тылда эмгектенгендердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча бардык чаралар кабыл алынып жатканын Вице-премьер-министр белгиледи.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын Планынын долбоору боюнча маалыматтарды берди.

Анын айтымында, негизинен согушка катышкандардын көпчүлүгү 90 жаштан ашты жана алардын саны жылдан-жылга азаюуда. Ализа Солтонбекова майрамды белгилөөнүн алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде бир жолу берилүүчү жөлөк пулду төлөө дагы каралган.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү пландалганын, муну менен катар биздин аскерлер Москва жана Екатеринбург шаарларында өтө турган Жеңиш парадына катышаарын маалымдады.

Жыйында Россиянын Тверь облусундагы Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин тургузуу боюнча курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө айтылды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, Жеңиш күнүндө концерт, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, жеңиш вальсы, мектептерде класстык сааттар, сүрөттөрдүн көргөзмөсү сындуу бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Алтынай Өмүрбекова тиешелүү мамлекеттик органдарга иш-чаралардын планындагы пункттарды өз учурунда ишке ашырууну тапшырды.