10

Март

2020

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен баланын абалынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова  ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалынан кабар алды. 

Маалыматтар боюнча, баланын абалы оор, ошол эле учурда туруктуу. Ал эсинде эле.  

Алтынай Өмүрбекова балага тез сакайып кетишин айтып, медицина кызматкерлерине кечиктирилгис чараларды кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Ал жапа чеккен балага квалификациялык медициналык жардам берүүнү, тиешелүү дары-дармек менен камсыз кылууну, психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды. 

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берелерин белгиледи. 

Медицина кызматкерлери кайдыгер карабаган жарандардын бардыгына, жапа чеккен баланы колдоо үчүн акча каражатын чогултууну демилгелегендерге ыраазычылык билдиришти. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, акча каражатын чогултуунун зарылдыгы жок. Балага толук кандуу медициналык жардам берилип, бардык тийиштүү дары-дармектер жана башка зарыл каражаттар менен камсыздалган.