27
Декабрь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык объекттерди кыдырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объекттерди кыдырды.
Алтынай Өмүрбекова Тоң районунун Оттук айылында М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу салтанатына катышты.
275 окуучуга эсептелген заманбап мектептин курулушуна 70 млн сомдой бөлүнгөн. Мектепти 2020-жылдын 1-сентябрында ишке берүү күтүлүүдө.
Андан соң вице-премьер-министр Тоң районундагы Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы авариялык абалдагы мектеп менен таанышты. Мында ал окутуучулук курам менен маектешип, окуу класстарын көрүп чыкты.
Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Ала-Баш айылындагы балдардын балаты майрамына катышты.
Бөкөнбаев айылында вице-премьер-министр Үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Тоң аймактык ооруканасына барды.
Вице-премьер-министр оорукананын палаталары жана медициналык кызмат көрсөткөн жайды көрүп чыкты. Ал мекеменин эмгек жамааты менен маектешип, алар кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты, ошондой эле медицина кызматкерлерин колдоо боюнча Өкмөт тараптан кабыл алынган чаралар жөнүндө айтып берди.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, өлкө Өкмөтү билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүнүн кызматкерлерин колдоо чараларын мындан ары карай да улантат.