20
Декабрь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: «Ачык Өкмөттү» ишке ашыруу маморгандар кабыл алган чечимдердин сапатын жакшыртып, өкмөткө карата ишенимди арттырат
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2018-2020-жылдарга карата «Ачык Өкмөттү» куруу боюнча Улуттук иш-аракеттердин планын ишке ашыруунун аралыктык жыйынтыктарын чыгаруу боюнча конференцияга катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасында 2018-2020-жылдарга карата «Ачык Өкмөт» куруу боюнча Улуттук иш-аракеттердин планында каралган милдеттенмелерди жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу маселелери каралды. Бул планда ачык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана Өкмөттүн жарандардын алдындагы отчеттуулугун жакшыртуу боюнча милдеттенмелер жазылган.
«Эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосунда Улуттук иш-аракеттердин планын ишке ашыруу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдердин сапатын жакшыртып, Өкмөткө карата ишенимди жогорулатат», – деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Иш-аракеттердин биринчи планы бекитилгенден бери бир жыл өттү жана бүгүн жыйынтыгын чыгарууга болот. Жыл ичинде мамлекеттик органдар тарабынан жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте алынган милдеттенмелерди жүзөгө ашыруу иштери жасалды. Ал кечээ жакында кезектеги форум өтүп, анда Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү, кайсы милдеттенмелер аткарылганы, кандай кемчилдиктер бар экендиги, эмне кылуу керектиги, Иш-аракеттердин экинчи планын түзүүдө эмнелерди эске алуу зарылдыгы каралганын эске салды.
Вице-премьер-министр мамлекеттик органдар тарабынан алардын ишмердүүлүгү калк үчүн ачык, жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ыңгайлуу болсун үчүн мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын максималдуу түрдө камсыз кылууга багытталган чоң иштер жасалганын түшүндүрдү.
«Мисал келтирсек, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан ачык маалыматтар форматында 15 мамлекеттик органдын белгиленген маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган ачык маалыматтар порталы иштелип чыкты. Юстиция министрлиги коомчулук арасында ченем жаратуучу процессти активдүү жайылтууну шарттаган жана жарандык коомдун сунуштарын жазып белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо үчүн порталды иштеп чыккан», – деди ал.
Ал ошондой эле белгилегендей, Өкмөт Аппаратынын милдеттенмелеринин алкагында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшкө жарандык коомду тартуунун алкагында мамлекеттик органдардын антикоррупциялык планына альтернативдик мониторинг боюнча колдонмо иштелип чыккан. Ал көз карандысыз мониторинг жүргүзөт. Финансы министрлиги тарабынан бюджеттин ачык-айкындыгы муниципалдык көрсөткүчүн баалоо ыкмасын иштеп чыкты. Андан сырткары Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети өнөктөштөрдүн колдоосунда жергиликтүү коомчулуктардын керектөөлөрүн аныктоого, кен компанияларынын иши тууралуу маалымат алууга багытталган изилдөө жүргүздү. Бул карама-каршылыктардын пайда болуу тобокелдиктерин кыскартат.
Вице-премьер-министр белгилегендей, милдеттенмелерди аткаруу жана жетишкендиктер эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун колдоосу аркылуу мүмкүн болду.
Ал 2020-жылдын февралында Иш-аракеттердин экинчи планын ишке ашыруу башталарын эске салып, конференциянын бардык катышуучуларын жана мамлекеттик органдарды планды иштеп чыгууга активдүү катышууга чакырды.
Алтынай Өмүрбекова баса белгилегендей, өлкө жарандары оңдуу натыйжаны көрүүгө тийиш, бардык бийлик бутактарына коомдук көзөмөл күчөтүлүшү абзел.
Маалымдама: «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү (OGP) – көп тараптуу, ачыктыкты камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды пайдалануу боюнча өкмөттүн милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган демилге.
Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы 19 милдеттенмени аткарууга алган.