12
Декабрь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Активдүү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери гана вирустуу гепатиттин жайылышын азайтууга жардам берет
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында вирустуу гепатиттин алдын алуу жана дарылоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде белгиленгендей, расмий маалыматтар боюнча 2019-жылдын 10 айында гепатит менен ооруган 6600 учур катталган. 93,6% - вирустуу гепатит «А», анын ичинен 87,4% – 14 жашка чейинки балдар (5400 учур), калган 12,6% чоңдор.
Жыйындын катышуучулары А, В, С, D жана Е вирустуу гепатиттер козгогон оорулар Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө коомдук саламаттык сактоо үчүн олуттуу маселе жаратарына басым коюшту. А жана Е гепатиттер гигиена сактабаган шартта, кир кол, таза эмес суу, жер-жемиш жана жашылча аркылуу байланыштык-тиричиликтик жол менен жугат. В, C жана D түрлөрү парентералдык вирустуу гепатит деп аталып, оорулуу адамдын каны менен байланыш болгондо жугат.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргызстанда жыл сайын вирустуу гепатиттин миңдеген учурлары катталат жана ал бейтаптарды дарылоого ири каражат керек, бул бейтап үчүн да, мамлекет үчүн да зор көйгөй.
Вице-премьер-министр комплекстүү чараларды көрбөстөн кыска убакыттын ичинде натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн эместигин баса көрсөттү. Анын айтымында, алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү керек, адамдар вирустуу гепатиттин орчундуулугун сезип, өздөрүнүн ден соолугуна олуттуу карап, текшерилип жана вакцина жасатуулары абзел.
«Биринчи кезектеги чаралар катары натыйжалуу эрте аныктоо, дарылоо, вирустуу гепатитке чалдыккандардын алдын алуу үчүн медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу зарыл. Мындан тышкары бардык медициналык кызматкерлер өздөрү да вакцина жасатуулары кажет», – деди ал.
Алтынай Өмүрбекова жарандар кайсы уюмдарда эч кандай багыттамасыз тест тапшырууга жана өз статусун аныктоого болорун, гепатит аныкталса кайда кайрылуу керектигин жана кандай чараларды көрүү зарылдыгын билүүгө тийиштигин кошумчалады. Ошол эле учурда мындай кызматтар үчүн баалар калкка жеткиликтүү болушу абзел.
«Мектептерде, колледждерде жана жождордо вирустуу гепатитти алдын алуу жана вакцина кылуунун мааниси тууралуу класстык сааттарды, лекцияларды өткөрүү керек. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин, жождордун ректорлорун бул маселе боюнча көмөктөшүүгө чакыруу зарыл», – деди ал.
Вакцина тууралуу айткан Алтынай Өмүрбекова баскычтуу вакцинациянын иш-чаралар планын иштеп чыгууну, биринчи кезекте кимдерди эмдөө керектигин аныктоону, ошондой эле бюджеттен зарыл сумманы табууну тапшырды.
Кеңешменин катышуучулары билдиришкендей, вирустуу «А» гепатитине каршы эмдөө зарыл болгон балдардын жалпы саны 772 миң 677 баланы түзөт, 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн (эки жолу) 1 млн 545 миң доза вакцина керек. Ошондой эле «В» гепатитине каршы 191 628 адамды эмдөө (үч жолу) керек, бул үчүн 574 миң 884 доза вакцина керек.
Алтынай Өмүрбекова инфекциянын энеден балага жугушун алдын алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында кош бойлуу аялдарды тестирлөөнүн, гепатитке чалдыккан энелерден туулган балдарга иммуноглобулин менен пассивдүү иммунизациялоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле аймактык ооруканалардын жана облустук СПИД борборлорунун базасында АИВди аныктоо лабораторияларында «А» жана «В» вирустуу гепатиттерге каршы эмдөөгө тийиш жактарды скрининг тестирлөө менен камсыздоонун маанисин айтты.
Вице-премьер-министр вирустуу гепатиттин натыйжалуу алдын алуу үчүн облустарда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдө жана райондук администрацияларда Вирустуу гепатиттин алдын алуу боюнча координациялык кеңештерди өткөрүү жана маселени жеринде чечүү зарылдыгын белгиледи.
Вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна «2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында вирустуу гепатитке каршы күрөшүү стратегиясынын» Максаттуу программасын аткарууга талдоо жүргүзүүнү жана бул программанын алкагында ишти активдештирүүнү тапшырды.