25

Ноябрь

2019

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эл аралык миграция уюмунун аймактык бөлүмүнүн директору Аргентина Сабадош менен жолукту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) аймактык бөлүмүнүн директору Аргентина Сабадош менен жолукту. 

Жолугушуу учурунда тараптар эл аралык миграциялык саясат, эмгек миграциясы жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Миграция боюнча эл аралык уюму Өкмөткө өлкөдө миграциялык процесстерди мамлекеттик башкаруу тутумун өнүктүрүүгө аракеттешкен алдынкы эл аралык уюм болуп саналат.

«Учурда мамлекетибиз үчүн чет жакта эмгек мигранттары болгон жарандарыбыздын маселелери, аларды барган өлкөлөрүндө социалдык-укуктук коргоо, ички миграция жана чет өлкөлүк жарандардын иммиграциясы, этникалык кыргыздар жана качкындар маселелери кыйла олуттуу болуп саналат. Өзгөчө белгилей кетсем, республика өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин катуу карманат. Жарандарды өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкары татыктуу жашоо шарттары менен камсыздоого, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого умтулат», - деп баса көрсөттү ал. 

Анын маалыматы боюнча,  бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын 750 миң жараны чет жакта эмгектенишет.

«Биздин өнөктөштөр менен биргеликте эмгек мигранттарынын укуктары жана барган өлкөлөрдөгү милдеттери тууралуу маалымдоону жакшыртуу, мигранттарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо, мигранттардын балдарына колдоо жана жардам көрсөтүү, чет өлкөлөрдөгү биздин эмгек мигранттарга юридикалык жана укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле чет жакка чыгууга даярдык иштерин уюштуруу боюнча жумуштар жүрүүдө», - деди Алтынай Өмүрбекова. 

Жолугушууда ошондой эле Алтынай Өмүрбекова Өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынын концепциясы иштелип жатканын белгиледи. Концепциянын максаты өлкөдөгү миграциялык процесстерди турукташтыруу болуп саналат. Миграциялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – бул жарандардын билим берүү, эмгектенүү, адистик, маданий дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу боюнча өлкө ичинде жагымдуу шарттарды түзүү. 

Өз кезегинде аймактык бөлүмдүн директору Аргентина Сабадош уюм өлкөнүн миграциялык саясатын натыйжалуу жүзөгө ашыруу жардам берүүгө даяр экенин жана экспорттук деңгээлдеги миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселеси боюнча окутуу семинарларын өткөрүүнү сунуш кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн негизги тармактарды, анын ичинде миграциянын түрлөрүнүн өнүгүүсү жана аны жөнгө салуу, эл аралык миграция жана адам сатуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин чечүүнү белгилешти, тыгыз байланышта иштөөгө макулдашышты. 

МаалымдамаКыргыз Республикасында Эл аралык миграция уюму 1997-жылдан бери иштейт. Уюмдун кеңсеси өлкөдө ачылгандан тартып 33 млн АКШ долларына 80ден ашуун гранттык долбоорлорду ишке ашырган.