11
Январь
Вице-премьер-министр башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Күтүлүп жаткандай, жолугушуу чектеш аймакта 2020-жылдын 14-январында өтөт.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.
Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.