21

Декабрь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: «Туристтерди тартуу максатында ар бир аймак өзүнүн брендин иштеп чыгуусу керек»

«Туристерди тартуу максатында ар бир аймак өзүнүн брендин иштеп чыгуусу керек жана алар ошол бренд менен таанымал болушу керек», - деп билдирди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 20-декабрда, туризм маселелерин макулдашуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү туристтик жагымдуулукту жана туристтик инфраструктураны жогорулатуу ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгилеп кетти.

«Аймактар Туризм департаментинин же Өкмөттүн тапшырмасын күтпөй, аймактардын жоопкерчилигин күчөтүү керек. Жер-жерлерде туризмди өнүктүрүүдө салык төлөмдөрү көбөйтүлүп, жаңы иш орундары пайда болот. Ошондуктан жер-жерлердеги жетекчилер бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланышына так көзөмөл жүргүзүүсү керек», - деди Чолпон Султанбекова.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов туристтик индустрияны жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасынын Маркетингдик стратегиясынын бетачарын  тартуулады.

Отурум учурунда Стратегияны жактыруу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өкмөттүк «Жаны доорго кырк кадам» Программасын ишке ашыруу максатында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча маркетингдик Стратегиясын изилдеп чыгып, анын негизинде жеке долбоорлорду иштеп чыгарууну тапшырды.

Мындан тышкары, тийиштүү министрлик жана ведомстволорго 2017-2018-жылкы кышкы турсезонду өткөрүү боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү

[su_carousel source="media: 109273,109274,109275,109276" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]