30

Январь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Өз милдетин аткара албаган чиновниктерди ээлеген кызматынан бошотуу керек»

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын аймактын 2014-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды талкуулоо боюнча ишине катышты. Облустун социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жана аймак алдында турган көйгөйлөр тууралуу баяндаманы өкүлчүлүк жетекчисинин биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков жасады. Андан соң катышуучуларга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева кайрылды. Аймак жетекчилерине жана тургундарына кайрылууда Дамира Ниязалиева өткөн жылы көптөгөн иштер аткарылгандыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө белгилүү ийгиликтер жаралгандыгын белгиледи. “Ага катар белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Иш-аракет/милдеттенмелер планында белгиленген 100 пункттун ичинен 75 пункту аткарылып, 18и ишке ашырылууда жана 7си аткарылган эмес.Муну эске алуу менен ар-кыл деңгээлдеги жетекчилер аткаруучулук тартипти күчтөндүрүп жана өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу зарыл», — деди ал. Вице-премьер-министр белгилегендей, Ысык-Көл облусунун мүмкүндүгү абдан чоң жана аны аймакты динамикалуу жана ырааттуу өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жакшыртууга натыйжалуу пайдалануу керек. «Ысык-Көл облусу – өлкөнүн туристтик борбору. Жыл сайын мында эс алууга миллиондогон туристтер келет, анын арасында чет өлкөлүк жарандар дагы бар. Пансионаттар жана эс алуу борборлору иштөөдө жана жаңылары салынууда. Бирок экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилерден түшкөн салыктык түшүүлөр минималдуу бойдон калууда. Бул абал мында иштеп жаткан пансионаттардын көп бөлүгү юридикалык жактан алганда башка аймактарда катталгандыгы менен байланыштуу каралат. Бул туура эмес. Ишкерлер аймакты өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, ал эми облустун казнасына салыктык төлөмдөрдүн түшүүсү өнүгүүгө салымын киргизүүчү фактор болуп эсептелет. Натыйжада, орун алган көйгөйлөрдүн чечилиши облустун абалына жагымдуу таасирин тийгизип, эс алуучулардын санынын жогорулашына алып келет», — деди Дамира Ниязалиева. Өз сөзүндө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өзгөчө көңүлдү социалдык көйгөйлөргө бурду. “Сиздердин бардыгыңыздар балдарга карата зомбулук , анын катарында сексуалдык мүнөздөгү зомбулук күчөп бара жаткандыгын бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Мындай наристелерге кол көтөргөн адамдарды түшүнүү жана аларды кечирүү мүмкүн эмес. Учурда мындай кылмыштардын алдын алуу жана жагымсыз үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричиликтик шарттарга байланыштуу ата-энелердин көзөмөлүсүз калып, тобокелдикке салынган балдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жыйындысы иштелип чыгууда. Мында мектеп педагогдорунун, социалдык кызматкерлердин жана жашы жете электер боюнча иш алып барган инспекторлордун өз-ара аракеттешүү деңгээлин жогорулатуу зарыл. Ошондо гана биз превентивдүү чараларды кабыл алып, балдарга карата зомбулук жасоонун алдын алып, өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды кыскарта алабыз. Буга катар коркунучта калган балдар реабилитация курсунан өтүүсү үчүн иштеп жаткан жана кайрадан ачылып жаткан кризистик борборлорго колдон келген көмөк көрсөтүү керек. Мындай борборлордун ишине көмөктөшүү үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги тараптан алгачкы кадамдар жасала баштады. Бишкек гуманитардык университетинде бир нече жыл мурда “социалдык педагог жана психолог” адистигине студенттер кабыл алына баштаган», — деп билдирди ал. Коллегия ишинин жыйынтыгын чыгарууда вице-премьер-министр Ысык-Көл облусунун жетекчилигине жүктөлгөн милдетин аткара албаган бардык деңгээлдеги чиновниктерди ээлеген кызматынан бошотуу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү