23
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Асыл Кожомкулованы дарылоо маселесине көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди
Бир нече күн мурда электрондук ЖМКлардын биринде бут оорудан жабыр тарткан Асыл Кожомкулова тууралуу маалымат жарыяланган.
ЖМКдагы жарыяланган макалага жооп кайтаруу иретинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Асыл Кожомкулованы дарылануусуна көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы А.Кожомкулова көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан кулап, омурткасы жана жамбаш сөөктөрү сынган. Андан соң бир нече ирет Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна дарыланууга бир нече ирет жөнөтүлгөн. Учурда оорулуу бадиктин жардамы менен басып, өз алдынча унаа айдоого жөндөмдүү.
Учурда анын дартын аныктоо жана дарылоо тактикасын тандап алуу максатында А.Кожомкулова кайрадан Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна чакырылган.
Аталган борбор жетекчилигине А.Кожомкулованы дарылоо жаатында көп тармактуу көмөк көрсөтүү зарылдыгы тууралуу тийиштүү көрсөтмөлөр берилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү