14

Май

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Жогорку аттестациялык комиссиядагы коррупциялык схемаларды жоюу логикалык жактан жыйынтыкталышы керек»

Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева тармактык мамлекеттик орган жетекчилери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы коррупциялык схемаларды жоюу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеңешменин жүрүшүндө Коргоо кеңешинин катчылыгы тарабынан 2014-жылдын 23-майында жактырылган Тутумдуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын кадамдык планы талкууланды. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева белгилегендей, илим тармагында 13 коррупциялык тобокелдик аныкталган , аларды жоюу боюнча 33 иш-чара сунушталган. “Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясында коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Диссертациялык кеңеш мүчөлөрүнүн санын 13 адамга дейре кыскартуу, эки, же андан ашык уюштуруучу аркылуу Диссертациялык кеңештерди ачуу, электрондук кезек түзүү, ошондой эле диссертациялык кеңештердин расмий оппоненттерин жана эксперттеринин тизмесин түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Репутациясын актай албаган илимий жетекчилердин, эксперттердин жана расмий оппоненттер тууралуу маалымат киргизиле турган кара тизмени уюштуруу боюнча иш жүрүүдө. Диссертациялык кеңеш мүчөлөрү үчүн аспиранттар тарабынан банкеттерди уюштуруу боюнча тажрыйбаларды токтотуу боюнча иштер аткарылууда», — деди ал. Дамира Ниязалиеванын айтымында, Жогорку аттестациялык комиссиядагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планы улантылышы кажет. «Биз үзгүлтүксүз түрдө тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планынын бардык 154 пунктунун аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Биздин милдет – Диссертациялык комиссиялардын ачык-айкын иши алып баруусуна жетишүү. Ага жараша биз кыргыз илимине эч кандай пайдасы жок “жасалма” окумуштуулардын пайда болуусуна бөгөт коё алабыз», — деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү