22

Январь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Мамлекет жашоосу жана ден-соолугу кооптуу жагдайда калган үй-бүлө жана балдарды алдын-ала аныктоочу механизмди иштеп чыгуусу зарыл»

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында дарылануудан өтүп жаткан 2 жашар Ибрагимдин акыбалы менен таанышты. Баланын абалы жана дарылоо шарттары менен таанышкан соң, Дамира Ниязалиева балдар ооруканасынын врачтарына жана медкызматкерлерине балдардын жашоосун сактоо боюнча аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдирди. “Бүгүнкү күндө зомбулуктан жабыркаган бала мурункусундай эле эсине келбестен жатат. Ошентсе да алган жаракаттын оордугуна карабастан аз да болсо жылыштар байкалууда. Учурда ал жасалма дем алдыруучу аппараттан бошотулуп, өз алдынча дем алууда. Бирок анын толук айыгып кетүүсү тууралуу мөөнөттү так айтууга мүмкүн эмес. Бүтүндөй өлкө жарандары баланын өмүрү жана ден-соолугу үчүн кооптонууда. Мен врачтар баланы бутуна тургузаарына ишенем», — деди вице-премьер-министр. Дамира Ниязалиева белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан балдарга туугандары жана жакындары тараптан коркунуч жаралган үй-бүлөлөрдү аныктоо жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча чаралар иштелүүдө. “Учурда каражат табуу үчүн алыска кеткен ата-энелер балдарын туугандарына, же коңшуларына таштап кеткен учурлар көп, алар негизинен өзү менен өзү болууда. Ошондой эле асоциалдык жашоо образын өткөргөн ата-энелер өз балдарына мээримсиз мамиле кылган учурлар да көп. Биз жашоосу жана ден-соолугу кооптуу жагдайда калган үй-бүлө жана балдарды алдын-ала аныктоочу механизмди иштеп чыгуубуз зарыл», — деди Дамира Ниязалиева. [su_carousel source="media: 49274,49275,49276" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү