01

Апрель

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Балдарга зомбулук көрсөтүү фактысына кайдыгер мамиле кылуу абалды тереңдетип, күнөөкөрлөрдүн айыбын жашырууга мүмкүндүк берет»

Бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу алдында UNICEF тарабынан уюштурулган “Мен зомбулукка каршымын!” аталышындагы интерактивдүү инсталляция элементтери менен коштолгон көргөзмөнүн ачылышына катышты. Көргөзмөнү ачууда Дамира Ниязалиева бүгүнкү күндө балдар укугун коргоо маселеси абдан курч тургандыгын белгиледи. “Тилекке каршы, акыркы жылдары биз бир нече чуулгандуу окуялардын күбөсү болдук, анда балдар чоңдор тарабынан зомбулукка тушуккан, баарынан кейиштүүсү, ал аракеттер балдардын коопсуздугун камсыздоочу үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жасалган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү UNICEF менен биргеликте “Мен зомбулукка каршымын!” маалыматтык кампаниясын ишке киргизүүдө, анын максаты – балдарга карата зомбулуктун алдын алуу», – деди ал. Вице-премьер-министр белгилегендей, маалыматтык кампания бүгүнкү көргөзмөдөн тышкары, бир нече иш-чараларды өзүнө камтыйт. “Алсак, балдарга карата зомбулукка жана алардын укугун коргоодогу күрөшкө чакырган плакаттар жана постерлер иштелип чыгат. Бул материалдар шаардын 20 аялдамасына илинет, 300 постер коомдук транспортто жайгаштырылып, ал эми 2500 плакат өлкөнүн мектептерине таркатылат. Мектеп окуучуларына балдар менен баарлашууда чоңдор кайсы чектен ашпоосу керектиги тууралуу маалымат камтыган эскертмелер таркатылат. Ошондой эле тематикалык социалдык жарнамалык видеороликтер даярдалып, 3-5 жаштагы балдар үчүн анимациялык мультфильмдер, мугалимдер жана ата-энелер үчүн балдарга карата зомбулуктун негизги белгилери жана тийиштүү аракеттер тууралуу билдирген окутуучу тасмалар тартылган. Бардык материалдар даяр жана жакынкы арада телеканалдарда көрсөтүлө баштайт. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бардык колдо болгон мүмкүндүктөр аркылуу биз жарандардын көңүлүн балдардын укугун коргоо жана үй-бүлөлүк баалулуктарды чыңдоо темасына бурууга аракет жасап, калктын аталган көйгөйгө карата активдүү жана сергек мамилесин калыптандырууга умтулуудабыз», — деди Дамира Ниязалиева. Өз сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева көргөзмө уюштуруучуларына заманбап, кайталангыс жана жыш маалыматты камтыган экспозицияны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, биргеликте гана түзүлгөн абалды өзгөртүүгө болоорун, ал эми балдарга зомбулук көрсөтүү фактысына кайдыгер мамиле кылуу абалды чыңалтып, күнөөкөрлөрдүн айыбын жашырууга мүмкүндүк берет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү