11
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Курманжан-Датка» мемориалдык-маданий комплекси мамлекетке өткөрүлүп берилди»
Бүгүн, 10-апрелде, Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан «Курманжан-Датка» мемориалдык-маданий комплексине барды.
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы чечими аркылуу «Курманжан-Датка» мемориалдык-маданий комплекси КР маданият маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.
“Натыйжада, аянты 15,64 га эсептелген жер тилкеси жана курулушу аяктала элек имарат мамлекетке өткөрүлүп берилген. Учурда «Курманжан-Датка» мемориалдык-маданий комплексин толук кандуу өнүктүрүү үчүн канча жер жана каражат керектиги боюнча толук маалымат алуу үчүн мемориалдын планын кайрадан карап чыгуу зарыл», — деди ал.
Андан соң Дамира Ниязалиева Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан балдар бакчасына барды.
Бала бакчаны иши менен таанышууда вице-премьер-министрге анын кызматкерлери республика бюджетинен каржылоо маселеси боюнча кайрылышты.
“Аймактарда болууда мен мындай көйгөйлөр менен такай кездешем. Тилекке каршы, учурда бул маселени чечүү мүмкүн эмес, анткени, быйылкы жылга карата бюджет 2014-жылы бекитилген, ошондуктан бул маселе 2016-жылга карата бюджетти иштеп чыгууда эске алынуусу керек. Менин билишимче, бул бала-бакча 2014-жылдан тарта токтоп турган. Мен ведомство аралык топко бала-бакчаны каржылоо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлүшү, аларга тийиштүү ыйгарым укуктарды берүү боюнча укуктук базаны иштеп чыгуусун тапшырдым», — деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү