17

Март

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Медиа-коомчулук жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрү ортосунда үзгүлтүксүз диалог болушу зарыл»

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева республиканын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана башкы редакторлору менен жолугушту. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдиргендей, бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана массалык маалымдоо каражаттарынын өз-ара аракеттешүү маселесине арналган. “ЖМК жана мамлекеттик органдардын өз-ара аракеттешүү сферасы курч жана көйгөйлүү маселе катары каралат. Бүгүнкү күндө медиа-коомчулук жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрү ортосунда үзгүлтүксүз диалогду уюштуруу зарылдыгын көрүп турам. Эгерде Эл аралык журналисттик биримдик конфедерациясынын башчысы Ашот Джазояндын айтканына таянсак, журналисттер – жарандык коомдун сакчысы, анын барометри жана жол көрсөтүүчүсү. Муну эске алуу менен Өкмөт өлкөдөгү жашоону жакшыртууга багытталган сунуштарды алуу үчүн туура айтылган сынды кабыл алууга даяр», — деди ал. Дамира Ниязалиева белгилегендей, жалпыга маалымдоо каражаттары – биздин колдогу байланыш түзүүнүн баа жеткис булагы, тилекке каршы аны натыйжалуу пайдалана албай жатабыз. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик маалыматтык саясатты жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бийлик органдарынын ЖМК карата конструктивдүү кадамынын мисалы катары 2015-жылга карата “Чексиз репортерлор” рейтингинде республика тогуз көрсөткүч алдыга жылып, 88-орунга ээ болгондугун келтирсек болот. Салыштыруу үчүн, өткөн жылы биздин өлкө 97-позицияда туруп, андан мурда 106-орунда болгон. Бул көрсөткүчтөр аткаруу бийлик органдарындагы тигил, же бул чечимдердин кабыл алынышына ЖМКнын таасири канчалык салмактуу экендигинен кабар берет», — деп белгиледи ал. Өз сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү салтка айланып, массалык-маалымат каражаттары жана бийлик органдарынын кызматташуусу маселесине компромисстик кадамдарды иштеп чыгуу жана пикир алмашуу үчүн аянтча катары кызмат кылаарын билдирди.

[su_carousel source="media: 51717,51718,51719,51720,51721,51722,51723" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү