04
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Биз күн сайын калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үстүндө иштөөбүз зарыл»
Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облусуна жасаган иш сапары алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактын 2014-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды бекитүү боюнча коллегиясынын ишине катышты.
Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2015-жылга карата милдеттер тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова баяндама жасады.
Андан соң коллегиянын катышуучулары алдында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева сөз сүйлөдү.
“Жергиликтүү бийлик органдары билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоо маселелерине жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай жаткандыгын моюнга алуу керек. Алсак, республика боюнча алып караганда, аймак окуучуларынын билим деңгээлинин көрсөткүчү төмөнүрөөк болуп саналат. Балдар бакчасынын саны, андагы орундар жана сунушталып жаткан кызмат деңгээли жакшыртууну талап кылат. Облус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери социалдык тармактагы орун алган көйгөйлөргө көз жумуп койгондой көрүнүш орун алган”, - деди ал.
Андан соң Дамира Ниязалиева жакында наристеге карата сексуалдык зомбулук окуясы катталган Нарын облусунун Ак-Талааа райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган, социалдык коргоо жана жашы жете электер иши боюнча инспекция жетекчилеринин ишин кескин сынга алды.
“Социалдык камкордук жана жашы жете электер иши боюнча инспекция органдары балдары зомбулуктун ар-кандай түрүнө кабылышы мүмкүн болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо үчүн башка маморгандар, коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн күчтөндүрүүсү керек. Балдарды кордоону токтотуучу превентивдүү жана чечкиндүү чаралар зарыл», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Мындан тышкары, Дамира Ниязалиева облус жана жергиликтүү бийлик жетекчилерин бизнес өкүлдөрү менен активдүү кызматташууга чакырды.
«Көптөгөн социалдык көйгөйлөр эмгек менен алектенген коомдо чечилээрин эске алуу менен биз күн сайын калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үстүндө иштөөбүз зарыл. Ал максатка жаңы иш орундарын түзүү жана ал аркылуу жарандардын жашоо деңгээлин жана салык төлөө базасын жогорулатуу аркылуу жетише алабыз. Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү Нарын облусун өнүктүрүүгө, биримдикке мүчө өлкөлөрдөн жана Евразиялык аймак ичиндеги башка интеграциялык бирикмелерден инвестицияларды тартууга жакшы шарттарды түзөт. Мында бийлик инвесторлорго көмөктөшүп, аларга тоскоолдук келтирбеши керек», — деп баса белгиледи Дамира Ниязалиева.
Ошондой эле вице-премьер-министр бүгүнкү күндө «Кара-Кече» кенин өздөштүрүп жаткан ишканалар арасында тартип киргизүү зарылдыгы тууралуу токтолду.
«Ал жерде ишкердүүлүк жүргүзгөн көптөгөн субъектилер салык салуудан качууга аракеттенет. Буга жол берилбеши керек. Ар-бир ишкер ачык-айкын иш жүргүзүүсү тийиш жана салык төлөөдөн качпоосу тийиш, натыйжада алар облусту өнүктүрүүгө багытталат. Өз кезегинде облус жана район жетекчилери ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, ал эми салык органдары тийиштүү түрдө салык түшүүлөрдү көзөмөлдөөсү керек. Нарын облусунда көмүрдүн бай запасы бар экендигин эске алуу менен, аны өндүрүү жана сатууну туура уюштуруу жолу аркылуу аймак өзүн-өзү толук камсыздоочу катары дотациялардан кетүүсү тийиш эле», — деди ал.
Коллегия жыйынтыгын чыгарууда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева облус жана өз алдынча башкаруу орган жетекчилерин чиновниктердин иши натыйжалуу жана ачык-айкын, тутумдаштырылган түрдө болуусуна чакырды.
«Сынды өз ишин жакшыртууга, кетирилген кемчиликтерди жоюуга карата негиз катары кабылдоо керек. Аны тура кабыл алуу менен биздин жалпы максатыбызды – өлкөнү экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу аркылуу өнүктүрүүнү ишке ашырууга умтулуубуз керек”, - деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү