16

Апрель

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Биздин жалпы максатыбыз – Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү»

Бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасынын долбоорунун бетачарына катышты. Долбоордун бетачарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору, министрдин орун басары Максат Чакиев сунуштап, иштелип чыккан документтин негизги аспектилери жана багыттары тууралуу айтып берди. Бетачардын жыйынтыгында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жарактуу программаны иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени туризм тармагы атамекендик экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багытынын бири болуп саналат. “Туризмди өнүктүрүү жана эс алуучуларды тартуу үчүн биз көптөгөн маселелерди чечүүбүз керек. Тактап айтканда, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү менен катар кыска мөөнөттө медициналык камсыздоо маселесин чечүүбүз керек», — деди ал. Ошондой эле Дамира Ниязалиева 2015-жылкы туристтик мезгилге карата даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи. “Туристтик мезгилдин ачылышына бир нече ай калды. Өткөн жылдын тажрыйбасын эске алуу менен турсезонго даярдыкты өз маалында баштоо керек. Мында өткөн жылдары кетирилген катачылыктарды кайталабоого аракет кылуу керек. Туроператорлор билеттерди саткан соң, өз жоопкерчилиги тууралуу унутуп койгон учурлар кездешет. Кээде сунушталып жаткан сервис деңгээли жолдомонун баасына тура келбеген учурлар дагы бар. Профилдик министрликке жана туристтик операторлорго, пансионат, конок үй ээлерине көрсөтүлгөн тейлөө сапатына талаптарды иштеп чыгуусу зарыл. Мындай критерийлердин жардамы аркасында потенциалдуу туристтер баасы жана сапаты жалпы стандарттарга туура келген эс алуу ордун тандай алат. Өз кезегинде бул сервис жана тейлөө сапатынын жакшырышына түрткү берет. Бул абдан маанилүү, анткени биздин жалпы милдетибиз – Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү», — деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

[su_carousel source="media: 53418,53419,53420,53421,53422" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү