19

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Электрондук документ жүгүртүүнү тегиз жайылтуу жана сунушталган мамтейлөө сапатын жогорулатууга багытталган программа, тутумдарды пайдалануу зарыл»

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси боюнча түзүлгөн Социалдык көмөк көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумунун бетачарына катышты. Тутумдун иштеп чыгуучулары билдиргендей, Социалдык көмөктүн корпоративдик маалыматтык тутуму Дүйнөлүк банктын “Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо” долбоорунун техникалык колдоосунда иштелип чыгып, киргизилүүдө. Социалдык көмөк көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумунун максаты бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурсту – Республикалык мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын маалыматтык базасын түзүү болуп саналат. Тутумдун киргизилиши менен адамдык фактор четтетилип, социалдык чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын кыскарышы орун алат», – деп белгиледи социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев. Учурда иштеп чыгуучулардын айтымында, аталган тутум республика боюнча жалпы жөлөк пул алуучулар тууралуу маалыматты камтыйт. Ошондой эле Социалдык көмөк көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутуму мамлекет тараптан аз камсыздалган балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, жеңилдикке ээ болгон жактарга чегерилген төлөмдөр суммасын айкындуулуктун жана коррупцияга каршы туруунун сапаттык жаңы деңгээлине чыгарууга мүмкүндүк берет. Бетачар жыйынтыкталган соң, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Социалдык көмөк көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумун иштеп чыгуучуларга өлкөнүн социалдык коргоо тутумун жакшыртуу максатында аткарган көлөмдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. “Калкка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча тутум автоматташтырылып, ал эми адамдык таасирдин төмөнкү деңгээлге түшүрүлүшү – маанилүү аспектилердин бири болуп саналат. Биз бул багытта электрондук документ жүгүртүүнү тегиз жайылтуу жана сунушталган мамлекеттик тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган программа, тутумдарды пайдалануу аркылуу алга жылуубуз керек», – деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү