21

Январь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Спортту массалык түрдө өнүктүрүү жана жайылтуу зарыл”

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинин 2014-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2015-жылга карата пландар боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын ишине катышты. Коллегиянын жүрүшүндө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева агенттик жетекчилигинин жана кызматкерлеринин көңүлүн 2015-жылы каралууга муктаж болгон бир нече маселеге бурду. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктүк механизми аркылуу пайдалануудагы жана курулуп жаткан спорттук жайларды сактап калуу боюнча ишти улантуу зарыл. Кеңири жайылтылган спорттук аянтчаларга жана имараттарга ээ болуу менен гана биз жарандардын көп бөлүгүн спорт менен машыгууга тарта алабыз жана аны массалык түрдө жайылта алабыз. Учурда, өзгөчө айыл жергесинде жашаган жарандар спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга мүмкүндүгү жок. Албетте, көп нерсе каражатка барып такалат. Бирок айылдарда спорттук аянтчаларды куруу – ишке ашырууга зарыл эсептелген маселелердин катарында», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Ошондой эле өз сөзүндө Дамира Ниязалиева профессионалдык спортту колдоого басым жасады. «2014-жылы кыргыз спортчулары бир катар эл аралык таймаштарга катышып, натыйжада 404 медалды жеңип алган. Анын ичинен 106 - алтын, 112 – күмүш жана 186 коло медалды утуп алышкан. Албетте, бул – профессионалдык спорттун өнүгүп жаткандыгынан жана анын келечектүү экендигинен кабар берет. Ошол эле учурда 2015-жылы дүйнө боюнча континенталдык жана дүйнөлүк статустагы таймаш жана чемпионаттар өтөөрү белгилүү, анда 2016-жылдын 5-2- августунда Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү XXXI Олимпиада оюндарына катышууга лицензиялар ойнотулмакчы. Муну эске алуу менен жолдомолорго ээ болуу мүмкүндүгүнө ээ спортчуларды даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спортчуларыбыздын келерки жайкы Олимпиадага көбүрөөк санда катышуусу үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт”, - деди ал. Мындан тышкары, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жаш муундун спортко болгон кызыгуусун күчөтүү максатында мектептердеги дене-тарбия сабагын өтүү ыкмасын кайрадан карап чыгуу жана ар кыл жаш категориясындагы адамдар арасындагы жашоо тонусун кармоо үчүн керектүү жөнөкөй дене-тарбиялык көнүгүүлөр жыйындысын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү