22
Март
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Нооруз – жалпы кыргызстандыктарды биримдикке чакырган жаркын майрамдардын бири»
Бүгүн, 21-мартта, Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева күн менен түн теңелген учурда майрамдалчу майрамдардын бири Ноорузду майрамдоо иш-чарасына катышты.
Жалал-Абад шаарынын тургундары жана меймандары алдында сөз сүйлөөдө Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан аймак жашоочуларын «Нооруз» майрамы менен куттуктады.
«Нооруз – жалпы кыргызстандыктарды биримдикке чакырган жаркын майрамдардын бири. Майрамдын тарыхы 5 миң жылдан ашуун эсептелип, көрсөтүлгөн убакытта майрам көптөгөн адамдар үчүн эң негизги майрамдардын катарына кирген. Кыргызстанда «Нооруз», коңшу башка мамлекеттердегидей эле күн менен түн теңелген маалда, 21-мартта белгиленет. Биз үчүн “Нооруз» майрамы, ириде жаздын келиши, жаратылыштын ойгонуусу жана жазгы-талаа иштеринин башталышы менен кошо кабылданат. Бул күнү майрамдык сүмөлөк кайнатылып, конокторго берилет. Майрамдын салттарын эске алуу менен эски таарынычтарды унутуп, өз душманыңыздарды кечирүүгө чакырам, анткени майрамды терс сезимдерсиз, таза жүрөк менен тосуу абзел», — деди вице-премьер-министр.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жалпы кыргызстандыктарга тынчтыкты, ынтымакты, гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Иш сапарынын жыйынтыгында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Сузак районундагы Ырыс айылында жаңы ачылган мектептин салтанатына катышты. Мектептин курулушу дем берүүчү грант боюнча 2008-жылы башталган. Анын жалпы наркы 40 млн сомду түзүп, 240 окуучулук орунга эсептелген жана 1932-жылы тургузулган эски мектептин ордуна курулган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү