17
Июнь
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилик ата-энеге жана мугалимдерге бирдей жүктөлөт»
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын демилгеси боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында “Зомбулуксуз мектеп – балдарга тарбия берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары” семинары өттү.
Аталган семинар “Балдарга камкордук көрүү алардын бактылуу келечегинин негизи” аттуу Ош шаарындагы семинардын уландысы катары эсептелет. Ага Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан. Аталган семинарда зомбулук фактыларынын келип чыгуу себеби, мектеп окуучулары арасындагы укук бузуулар тууралуу сөз жүрдү.
“Бүгүн биз оозеки талкуулар жыйынтыгын чыгаруу боюнча семинарга чогулуп отурабыз. Биз сиздер менен биргеликте конкреттүү иш-чаралар планын белгилөөбүз керек”, - деди Д.Ниязалиева.
Эгерде биздин балдар өз юридикалык укуктарын жакшы билсе, анда алар башкалардын да укугун бузууга жол беришпейт. Мындан тышкары, мектеп ата-энелерди окутууга чоң көңүл буруусу керек. Баткен облусунун Лейлек районундагы №3-эксперименталдык мектеп-гимназиясынын директору Гапар Мадеминовдун мыкты үлгүсүн алууга болот, ал өзү иштеп чыккан тутумда иш алып барып, жакшы ийгиликтерге ээ болууда.
2014-жыл жыйынтыгы боюнча, мектеп окуучулары тараптан 200 укук бузуу фактысы катталган. Тарбия процессинин татаалдыгын эске алуу менен балдарды тарбиялоодогу чоң роль дал ушул мугалимдерге туура келет”, - деди ал.
“Бүгүнкү күндө өкмөт балдар иши боюнча ведомство аралык иштиктүү комиссиянын ишин күчтөндүрүүдө, ал ар-бир райондо иш алып барат. Бүгүн биз педагогдорду чогултуп, семинар өткөрүүдөбүз жана мугалимдер жана Өкмөт өкүлдөрү ортосунда баарлашуу үчүн аянтча түзүлүүдө”, - деди вице-премьер-министр.
Семинар жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун Лейлек районундагы №3-эксперименталдык мектеп-гимназиясынын директору Гапар Мадеминовдун иштеп чыгуулары боюнча тарбия иштери тутумун киргизүү чечими кабыл алынды.
Семинардын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева мектеп директорлоруна жана билим берүү мекеме жетекчилерине балдар арасындагы зомбулук фактылары жана башка кайгылуу натыйжаларга алып келүүчү жагымсыз окуялар тууралуу өз учурунда маалымдап туруу тапшырмасын койду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү