11

Апрель

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Балыкчы шаарындагы медициналык мекемелердин иши менен таанышты

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Тактап айтканда, Дамира Ниязалиева Балыкчы шаардык ооруканасына жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Медмекеме жетекчилери билдиргендей, гранттык каржылоону издөө боюнча ар-кыл долборлор менен активдүү иш алынып барылууда, ал өз кезегинде мекемелерди материалдык-техникалык жабдуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет. “Буга катар негизги көйгөй катары кадрлардын жетишсиздиги маселеси калууда. Мисалга, аймактык ооруканада акушер-гинекологдор жетишпейт, ал эми ҮМБда педиатрлар жана башка кууш тармактагы врачтар жетишпейт», – деди дарыгерлер. Өз кезегинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдиргендей, медиктердин жетишсиздиги маселеси чечилүүдө. “Учурда саламаттык сактоо тармагындагы каржылоо жетишсиз болуп жатканда ар-бир жетекчи жакшы дарыгер гана эмес, натыйжалуу менеджер болушу талапка ылайык келет. Колдогу акчалай каражатты биринчи муктаждыктарга багыттоо зарыл. Көптөгөн мекемелер үчүн Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасы үлгү болуп бере алат, анда 2014-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк банктын “Жыйынтыкка негизделген каржылоо” программасынын алкагында республика боюнча 1-орунга ээ болгон. Оорукана кызматкерлери дал ушул программага жараша өз айлык акысын жогорулатууга мүмкүндүк алды. Дарыгерлердин жетишсиздигине тийиштүү билдирсек, күз айында Балыкчы шаарына жаш адистер келишет. Алар сиздерде иштеп калуусу үчүн аларга тийиштүү шарттарды түзүп, турак-жай менен камсыздооңуздар кереке. Шаардын тийиштүү резервдери бар, аларды ишке киргизүү керек”, — деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү