10
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Карылар ресурстук борборунун иши менен таанышты
Бүгүн, 10-апрелде, Ысык-Көл облусу боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Карылар ресурстук борборунун иши менен таанышты.
Балыкчы шаарындагы Карылар ресурстук борборунун директору Жапар Канаев вице-премьер-министрге борбордун иши тууралуу маалымат берди.
“1991-жылдан тарта иштеген борбордун базасында чыгармачыл мастерскойлор, клубдар, ийримдер, тренингдик борбор жана волонтердук кызмат иш алып барат. Элдер бизге жардам кылууга аракеттенүүдө. Бирок биздин негизги көйгөйүбүз катары, имаратты оңдоп-түстөө иштери талап кылынып, имарат боюнча соттук тирешүүлөр орун алууда”, — деди Канаев Жапар.
Имараттын абалы, анын иштөөсү менен таанышып жана карылар менен маектешүүдөн соң, Дамира Ниязалиева Балыкчы шаарынын мэрине борбордун ишине көмөктөшүүнү тапшырды.
“Учурда борбордо такай түрдө 20 адам жашайт, ал эми 60 кары адамга кызматкерлер үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Борбор чоң социалдык миссияны аткарат. Муну эске алуу менен жана социалдык тейлөөгө каржылоонун жетишсиздигине байланыштуу мындай кризистик борборлордун ачылышын жана иштөөсүн колдоого алуу керек. Ремонтко байланыштуу айтсак, бул маселени чечүү жолдорун караштырабыз», — деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
Белгилесек, борбордо кары адамдар бири-бири менен баарлашууга мүмкүндүк алып, медициналык жана психологиялык жардам алып, 3 маал тамактанышат жана дене-тарбиясы менен алектенишет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү