11
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Чүй облусундагы соцобьектилердин иши менен таанышат
Бүгүн, 11-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусу боюнча иштиктүү сапарынын алкагында аймактын бири катар социалдык обьектилеринин иши менен таанышмакчы.
Иш сапарынын алкагында Дамира Ниязалиева Панфилов районундагы жалпы дарыгерлер тажрыйба борборуна , Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмонов атындагы музейге, Кара-Балта шаарындагы “Колосок” балдар бакчасына, “Манас” социалдык айылы” коомдук бирикмесине, Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын реабилитациялык борборуна барып, ошондой эле бир катар мектептердин курулушу менен таанышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү