28

Январь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун социалдык обьектилерин кыдырып чыгат

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр социалдык-маданий мүнөздөгү бир катар обьектилерди кыдырып чыгат. Ошондой эле Дамира Ниязалиева КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактын 2014-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды талкуулоо боюнча коллегиясынын ишине катышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү