20

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Адамды репродукциялоо борборунун жетекчилигинин ишиндеги укук бузуулар фактысы жөнүндө корутунду берилүүсүн тапшырды

“Коомдук кабылдамага” Адамды репродукциялоо боюнча улуттук илимий борборунун кызматкерлер тобу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева менен жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын 15-январында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кезекке жазылган жарандарды кабыл алууда аталган борбордун кызматкерлери менен жолугушкан. Маектешүүнүн жүрүшүндө борбордун кызматкерлери Адамды репродукциялоо борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Аида Токтоматова тарабынан көптөгөн одоно түрдөгү мыйзам бузуу фактылары орун алгандыгы тууралуу билдиришкен. Муну эске алуу менен вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жолугушуу жүрүшүндө баяндалган фактыларды иликтеп, алар боюнча өз корутундусун берүүсүн тапшырган. Эгерде борбордун 29 кызматкери тараптан жазылган кайрылуу катындагы фактылар орун алгандыгы аныкталса, тийиштүү чечим кабыл алынат. Белгилесек, бардык чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кабыл алынат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү