26

Январь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жалгыз бой эне Айзаада Кожобергенованын ал-абалын сурады

Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева мүмкүнчүлүгү чектелген, баласын өзү өстүрүп жаткан жалгыз бой эне Айзаада Кожобергенованын ал-абалы менен таанышты. Дамира Ниязалиева Айзаада Кожобергеновага Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан жалгыз бой энени материалдык жактан колдоо үчүн резервдик фонддон бөлүнгөн 50 миң сомду тапшырды. Баарлашууда Айзаада Кожобергенова Дамира Ниязалиевага жашоо-шарты жана уулу Белектин ден-соолуу тууралуу айтып берди. «Айзаада – жөнөкөй жана күчтүү адам. Жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан, ал өз баласын таштабай, өз уулун бапестеп карап, келечекке ишеним менен карайт. Мен анын бул аракетине жана эркине баа бердим . Биздин арабызда Айзаада сыяктуу энелер бар экендигине сыймыктанам”, — деди вице-премьер-министр. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Айзаада Кожобергенованын жана анын уулунун тагдырына жеке көзөмөл салып тураарын убадалады жана Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө мындан аркы көмөк көрсөтүүлөр боюнча жолдорду карап чыгуу тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү